Үй алып берүүнү убадалаган "S-LINE" кооперативинин жетекчиси кармалды

16.03.2022, 11:19 Акчабар
Үй алып берүүнү убадалаган "S-LINE" кооперативинин жетекчиси кармалды

Үй алып берүүнү убадалаган "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал Ош шаарынын аймагынан жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбастан, алдап жүргөнгө шектүү катары аталган кооперативдин 28 жаштагы жетекчиси кармалган. Бүгүнкү күндө аталган кооперативден жабыркаган 24 жарандын арызы бар.

Алар өз арыздарында адегенде атлаган кооперативге кирүү үчүн адегенде 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген сумманы (процентти) төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө 40 млн сомдон ашкан.

Бул кооператив алдамчылык менен алектенген "Финансылык пирамида" катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат. Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калган көпчүлүк акчасын төккөн жарандарга үй тийген эмес.

"S-LINE" турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча алганда, азыркы күндө алардын жарандарга койгон шарттары боюнча "турак жай алуучулар алына турган турак жай үчүн жалпы баасынан 50% төлөгөн учурда 2 ай ичинде, 25% төлөгөн учурда 4 ай ичинде калган суммасын турак жай кооперативи тарабынан төлөнүп, 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө насыя берилип, турак жайлуу болушат" деп убадалашкан",- деп айтылат маалыматта.

Бирок, аталган сумманы төккөн жарандардын ала турган үйлөрү кечеӊдеп бир нече айларга созулуп бара жаткандыгына байланыштуу жарандар арыз менен кайрылышкан.

Аталган факты боюнча "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" менен кылмыш иши козголгон.

"S-LINE" кооперативинин Түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейин иштеген. Бул убакыт аралыгында кооперативге жалпысынан 102 жаран турак жай үйүн алуу үчүн кайрылып, алар кооперативдин мүчөлөрү (пайщик) катары кооператив менен келишим түзүп, кирүү төлөмү катары 218 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, андан сырткары алына турган үйдүн баасынан 25%, 35% жана 50% чейинки өлчөмүндөгү төлөмдөрдү кооперативге төлөп турушкан.

Тэги: ОШ ШИИБ турак жай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу