Үй тибиндеги бала бакчаларга салык салынбайт

15.06.2023, 10:35 Акчабар
Үй тибиндеги бала бакчаларга салык салынбайт

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат. Мындай ишкерлер Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчетту тапшыруудан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

“Алар ошондой эле киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда, алар жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек”, - деп айтылат мааклыматта. 

Мындан тышкары, жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги иштин түрлөрү жаңы иштин түрү менен толукталды. 

Эми мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерге кызмат көрсөткөн жеке жактар (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштешет.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы токтому менен жеке ишкер катары иш жүргүзгөн жеке жактар турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу