Жамшитов: бир айда бир тергөөчү 151,2 ишти кароого туура келет. Бул өтө оор.

21.05.2020, 13:00 Акчабар
Жамшитов: бир айда бир тергөөчү 151,2 ишти кароого туура келет. Бул өтө оор.

Жаңы кодекстер кирген күндөн тарта укук коргоо органдарынын жумуш жүгү мурдакыга салыштырмалуу көбөйгөн. 2019-жылы жалпысынан 887 миң 688 кылмыш иши катталып, ар бир тергөөчүгө бир жылда 151,2 ишти кароо туура келген. Бир айда бир прокурор 13,7 ишти кароосу керек болот. Бул бир айда, бир прокурор үчүн өтө көп жана оор болуп калат. Бул тууралуу Башкы прокуратура Өткүрбек Жамшитов парламентте отчет берип жатып билдирди. 

 

 

«Тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүп жатканыбыз менен бүгүнкү күндө жумуштун көлөмү аябай чоң», — деп кошумчалады Жамшитов. 

 

 Эл өкүлү Руслан Чойбеков бир жыл ичинде сотко чейинки өндүрүш иштердин эмне себептен 35 пайызы гана аткарылып жаткандыгы боюнча суроо салды. 

 

«69 миң 252 сотко чейинки өндүрүш иштердин 29 миң 900 (35%) иштин бети ачылганын көрсөтүп жатасыз. Бул өтө төмөндөй сезилип жатат. Тергөөчүлөр кодекстерди, мыйзамдарды колдонууда укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктары чектелип калганбы? Эмне себептен мынчалык аз?», — деп сурады депутат Руслан  Чойбеков. 

 

Башкы прокурордун айтымында, бул жылы кылмыштардын бетин ачуунун саны тескерисинче көбөйгөн. 

 

«Өткөн жылга салыштырмалуу оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу көбөйгөн. Ал эми тергөөчүлөрдүн укуктары кенен. Андан сырткары, кызматкерлер үчүн тынымсыз окутуулар жүргүзүлүп турат», — деп жооп берди. 

 

Белгиленгендей, Бишкек шаарында бир жумада 1500дөн көп кылмыш иши катталат. Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал учурунда кылмыш иштердин саны 500-600гө чейин төмөндөгөн. 

 

Тэги: Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратура Депутат Руслан Чойбеков парламент отчет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу