Жаныбек Абиров: Биз биргелешип иш алып барган чоң командабыз, шайлоодо жеңишке бирге жетебиз

08.04.2021, 15:15 Акчабар
Жаныбек Абиров: Биз биргелешип иш алып барган чоң командабыз, шайлоодо жеңишке бирге жетебиз

Биз биргелешип иш алып барган чоң командабыз, шайлоодо жеңишке бирге жетебиз деп билдирди «Эмгек»​ партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна талапкер жана аталган партиянын төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров.

 

 

«Урматтуу биздин пикирлештер жана партиянын мүчөлөрү! Бизге болгон ишенимиңиздер, колдооңуздар үчүн жана үгүттөө учурундагы ар күнкү эмгектериңиздер үчүн ыраазычылык! Сиздердин эл алдында абройунуздар өтө чоң. Бул көрүнүш Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда сезилип турду. Үгүттөө иштеринин учурунда борбор калаанын ар кайсы бурчунан чогулган эл менен жүзгө жакын жолугушууларды өткөрүп, өзүбүздүн программабыз жөнүндө айттык. Алар үчүн программа кызык болуп, бизге болгон ишенимин артышты.  Чечүүчү күнгө аз гана убакыт калды. Биз биргелешип иш алып барган чоң командабыз. Чогуу ийгиликке, андан соң 11-апрелдеги шайлоодо жеңишке бирге жетебиз!», - деди Жаныбек Абиров.

Ошондой эле ал ЖМКларда партияга жана талапкерлерге карата маалыматтык чабуулдар жүрүп жатканын маалымдады.

«Ар күнү каралоолор болуп жатат. Далили жок эле кайсы бир нерселер үчүн күмөн саноолор болууда. Муну менен учурда атаандаштарыбыздын бизден коркуп жатканын гана айта алабыз. Анткени, алар «Эмгек» партиясынын чыныгы команда жана чыныгы күч экенин билишет», - дейт Абиров.

Эскерте кетсек, «Эмгек» партиясынын аталган чоң жыйыны Бишкек шаарында, шаардын ар тарабынан келген 3 миңдей тургунунун катышуусунда өттү.

 

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде БШКнын шайлоосу өтөт. «Эмгек» партиясы аталган шайлоого 22 деген номер менен катталган.

 

 

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Тэги: партиянын төрага

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу