Жапаров: Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу оюм жок

10.10.2020, 18:45 Акчабар
Жапаров: Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу оюм жок

Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу оюм жок. Бул тууралуу премьер-министрликке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп жаткан Садыр Жапаров бүгүн ЖКнын кезексиз жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

 

«2012-жылы  Кумтөр боюнча комиссия түзүлүп, анын башчылыгына мен дайындалгам. Текшерип келип, Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өтсүн деген токтом чыгарганбыз. Андан кийин биз Кумтөр боюнча маалымат жеткирүү максатында митинг уюштуруп, Камчыбек Ташиев, сиз жана мен камакка түшүп, 9 ай жатып, кайра чыкканбыз. Андан кийин мен чет өлкөгө чыгып кеттим. 2017-жылы кайра келип, камалдым. Кечээ жакында чыктым.

Мен түрмөдө жатканда журналисттер жактоочум аркылуу суроо жөнөткөн экен 2 жыл мурда. Мен ошондо жазгам, Кумтөрдү 8 жыл мурда алсак болмок, азыр кеч болуп калды деп. Анткени 8 жыл мурда алтындын кору көп болчу. Андан бери калбай деле калды. Аны алыштын кажети жок дегем. Андан көрө «Центерра Голд» аягына чейин иштетип, ошол жердеги бузулган тоолорду калыбына келтирип кеткени туура болот деген оюмду билдиргем. Мен биринчи ушул маселеден баштайм. Аны мамлекетке алабыз деген ой жок азырынча», - деп айтты Жапаров. 

 

Тэги: Жапаров Кумтөр иш программа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу