Жапаров Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумуна катышты

23.10.2020, 17:40 Акчабар
Жапаров Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумуна катышты

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумуна катышты.

 

«Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумун өткөрүү – учурдун талабы»,- деп айтты Жапаров. 

Андан сырткары, өкмөт башчы инвесторлорду коргоо боюнча иштерге токтоло кетти. 

 

«Биринчиден – өзүңөр билгендей, бул аптада мен расмий түрдө экономикалык мунапыс жарыяладым. Мунапыска өз ыктыяры менен катышкандарга – берген убадалар аткарылат.  Экинчиден: ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер токтотулат. Бүгүнкү күндүн башкы милдети – ишкерлерди колдоо, коргоо жана инвесторлордун ишенимин кайтаруу.Үчүнчүдөн, бюджеттин тартыштыгы 28 млрд сом  менен кабыл алынган. Бирок мага келген маалыматтар боюнча реалдуу картина андан да  жаман экендигин көрдүк»,- деп айтты өкмөт башчы. 

 

 

Жапаровдун айтымында бюджет боюнча чыныгы маалыматтар жакында чыгат. Жагдай жакшы эмес. Бул боюнча бир катар мамкызматкерлерге тапшырмалар берилет. 

- Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлгөн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар кескин азайтылсын, атайылап жасалган создуктуруулар кыскартылсын. 

- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бизнес үчүн   оптималдаштырылсын. Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөр жана башка укуктук-ченемдик актылар боюнча документтердин пакети  даярдалсын, керекпи – жаңы редакциялар дагы жазылсын. 

- Салык жаатында зарыл болгон бардык реформалар толук ишке ашырылсын.

- Бизнести жүргүзүү боюнча  эрежелерди жөнөкөйлөштүргүлө. 

- Экспортёрлорду колдоо боюнча конкреттүү механизмдерди киргизгиле.

- Жылдын аягына чейин орто жана чакан ишканаларга жеңилдетилген түрдө насыялоону кайра жандандыргыла. Мында бир дагы коррупциялык схемага жол берилбесин!

- Бажы жана фискалдык органдардын ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу бизнеске өз убагында жана токтоосуз маалыматтарды берип тургула.

- Бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын баарын ачыкка чыгаргыла, бюджеттин кирешесин көбөйткүлө.

- Бажы системасына тез аранын ичинде автоматташтырылган программалык системаны ишке киргизгиле.  

- Тең атаандаштыкты жок кылган контрабандалык товарлар чек араларда катуу көзөмөлгө алынсын. 

- Банктык жана салыктык сырлардын, персоналдык маалыматтардын сырдуулугу катуу камсыз болсун.

- Өлкөдө дестабилизация жана Өзгөчө кырдаал режими учурунда жабыр тарткан ишкерлер менен инвесторлорго зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизмдери   каралсын.

- Менчикти коргоо жана менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестиги боюнча мыйзамдык ченемдер күчөтүлсүн.

- Тышкы иштер жаатында: Кыргыз Республикасына укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги ишенимди калыбына келтирүү  максатында ырааттуу саясат жүргүзүлсүн.

Ал эми укук коргоо органдарына, анын ичинен Башкы прокуратурага өзгөчө тапшырмаларды берем:

- Биринчиден – ишкерлерге, инвесторлорго жана туристтерге эч кандай тоскооолдуктар болбосун.

- Жетекчилик кызматтарга өз алдынча мыйзамсыз дайындоолорго, рейдерлик тартып алууга, жерлерди басып алууга, өндүрүш объектилерине санкциясы жок кирүүгө, менчиктин формасына карабастан мекемелерге, уюмдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбесин.

- Экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу боюнча милдеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү карап чыккыла.

- Бизнестин ишине укук коргоо органдарынын негизсиз кийлигишүүсү жокко чыгарылсын. Башкысы – ишкерлер, инвесторлор корголсун!

Садыр Жапаров акыркы учурдагы бизнес чөйрөсүнө карата жасалган мыйзамсыз көрүнүштөргө өзүнчө токтолду. 

«Тилекке каршы, учурда өлкөбүздө жаралган кырдаалдан пайдаланып, киреше алып келип жаткан Жер-Үй, Металл-Кен, Терек-Сай сыяктуу инвестициялык ишканалардын мүлкүн бүлүндүрүп  кетишти. Бул окуялар ансыз да 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясынан зыян тарткан экономикабызды – ого бетер оорлотту», - деп айтты Жапаров. 

 

Сөзүнүн аягында Жапаров эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бизнес-акыйкатчы жана эл үчүн эшиги дайым ачык экенин билдирди. 

 

 

Тэги: Садыр Жапаров бизнес өкүлдөр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу