Тышкы карыздан кутулуу үчүн Кытайга кыргызстандын бир чарчы метр жери берилбейт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдирди.
“Тышкы карыз үчүн Нарындагы Жетим-Тоо кен иштетүүчү жердин бир метри дагы берилбейт. Буга чейин Жетим-Тоодогу сырьёну дүйнөлүк баа менен сатып, тышкы карыздын 1 млрд долларынан кутулсакпы деген сөз болгон. Бирок биз тарыхтан үлгү алышыбыз керек. Чет жерге эч кандай тоо-кен берилбейт”, -деди Жапаров.
Ал азыркы тапта КТРКда басма сөз жыйынын өткөрүп жатат.