Жеке жактардын салык статусун ырастоо функциясы салык кызматына өттү

12.01.2021, 13:30 Акчабар
Жеке жактардын салык статусун ырастоо функциясы салык кызматына өттү

Өкмөттүн 2020-жылдын 8-декабрындагы токтомуна ылайык, Кыргызстандын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салуудан качуу (четтөө) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу тууралуу макулдашууларды аткаруу тартиби жөнүндө жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

 

 

Мында салык төлөөчүлөргө, анын ичинде жеке жактарга резиденттиктин сертификатын берүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү өзгөрүүсүз бойдон калтырылды.

Кыргызстандын  резиденттик сертификатынын болушу салык төлөөчүлөргө бир гана өлкөдө салык салынышына жана бир эле кирешеге кош салыктын салынышын четтетүү укугун берет.

Эске салсак, мурда резиденттик сертификаты Салык кызматы тарабынан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге гана берилчү, ал эми жеке жактарга Экономика минстрлигинен берилчү.

Тэги: салык кызматы Өкмөт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу