Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация алуучуларга бюджеттен 662,5 млн сом бөлүндү

22.09.2020, 11:25 Акчабар
Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация алуучуларга бюджеттен 662,5 млн сом бөлүндү

2020-жылдын 1-сентябрына карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 40,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар ай сайын 25 категориядагы жарандарга төлөнүп берилет. Акчалай компенсациялардын өлчөмү 1000 сомдон 7000 сомго чейин.

Республикалык бюджеттин эсебинен жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды төлөөгө жалпы суммасы 662,5 млн сом акча каражаты каржыланган.

Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды 25 категориядагы адамдар алат:

  1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
  2. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
  3. Советтер Союзунун Баатырлары, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар;
  4. Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары;
  5. «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдар;
  6. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар;
  7. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар;
  8. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар;
  9. Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар;
  10. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү;
  11. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери);
  12. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери);
  13. «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери);
  14. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар;
  15. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары;
  16. СССРди коргоодо же башка мезгилде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруудан алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган мурдагы аскер кызматчылары;
  17. Аскердик кызматтын милдетин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү;
  18. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар;
  19. 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар;
  20. 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар;
  21. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюуга 1986-1987-жылдардагы катышуучулардын арасынан каза болгондордун жана майып болуп каза болгондордун үй-бүлөлөрү;
  22. Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар;
  23. Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү;
  24. «Кыргыз Республикасынын ардактуу донору» төш белгиси менен сыйланган адамдар;
  25. Көрүү боюнча (биринчи жана экинчи тобундагы) жана угуу боюнча бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук) адамдар.

Тэги: республикалык бюджет эсеп жеңилдиктер акчалай компенсация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу