Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна бюджеттен 425 млн сом керектелет

16.02.2021, 15:15 Акчабар
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна бюджеттен 425 млн сом керектелет

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна бюджеттен 425 миллион сом өлчөмүндөгү акча коротулат. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты. 

 

Шайлоодогу чыгымдардын тизмеси дүйшөмбү күнү Боршайкомдун кезектеги отурумунда бекитилген. 

 

«425 миллион сом өлчөмүндө бекитилди. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түздү», - деп маалымдайт БШК. 

 

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.

 

Тэги: БШК жергиликтүү шайлоо бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу