«Жерүй» алтын кен ишканасынан эмне үчүн Кыргызстан үлүш албайт?

12.02.2020, 16:30 Акчабар
«Жерүй» алтын кен ишканасынан эмне үчүн Кыргызстан үлүш албайт?

Учурда Кыргызстадагы  «Жерүй» ири тоо-кен ишканасы коомчулуктун көңүл борборунда болуп, талкууга алынып жатат. Эксперттердин айтымында, Кыргызстан тоо-кен иштетүүчү ишканалардан эч кандай үлүш албайт.

Мындан бир канча күн мурун, Nazarnews басылмасына ОсОО «Альянс Алтын» ишканасынын өкүлү Данияр Жаныкулов активист Айбек Мырза менен болгон маегинде, Кыргызстан Жерүй алтын кенинен эмне себептен эч кандай үлүшкө ээ эмес экендигин дагы бир жолу түшүндүрүп берди.

Активист Айбек Мырза Кыргызстандын өкмөтүнөн, кен иштетүүнү мамлекеттин кызыкчылыгынын негизинде иш алып баруу керек экендигин талап кылууда. Ал башкы аргумент  катары – президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде айткан өлкөдөгү тоо-кен иштери тууралуу сүйлөгөн сөзүнө таянууда. Анда өлкө башчы бардык ишканаларда Кыргызстандын кызыкчылыгы болуусу керек экендигин билдирген. Президенттин бул пикири туура, келечектеги бардык тоо-кен ишканалары мамлекеттин кызыкчылыгы менен иш алып баруусу керек. Бирок, эгер аталган мыйзам кабыл алынса, учурда иштеп жаткан ишканалар эски келишимдеги мөөнөтү бүткөнчө иш алып бара беришет. Анткени жаңы мыйзамдын өткөн чак үчүн эч кандай күчү жок.

2015 – жылы Жерүйдүн башкы баасы 300 млн долларга бааланган. Бирок, бул баага инвесторлор табылбагандыктан, өкмөт башкы бааны 100 млн долларга азайтууга туура келген. Эң башкысы – лицензия берүүдөгү шартты Кыргызстандын өкмөтү эч кимдин кийлигишүүсүз өз алдынча ишке ашырган.

«Мурунку президенттердин тушунда лицензияларды 300 сомго сатууга аракет кылышкан. Биз, таластыктар бул нерсеге каршы чыгып, лицензиянын баасын жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүнү талап кылганбыз. «Альянс Алтын» беш жылдан бери иштеп келет. Мамлекеттикүлүш тууралуу эми ойлондуңарбы?», — деп билдирди «Альянс Алтындын»өкүлү.

Азыркы учурда, Жерүйдүн ишине нааразы болуп жаткан, көптөгөн «эксперттер» убагында «Кыргызалтындын» профилдик ведомстволорунда жетекчи болуп иштешкен. Алар өз учурунда тоо-кендеги ар түрдүү маселелер тууралуу эч кандай ооз ачышкан эмес. Кыргызстандын экономикасында оор мезгил болуп турган учурда, ири ишкана эми гана өз ишин толук кандуу алып бара жатканда, активисттер өз кызыкчылыгы үчүн ызы-чуу салууга даяр. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын өкмөтү инвесторлорго катуу талаптарды койгон. Мисалы, кен иштеткен компаниянын тоо кен тармагында беш жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу, ошону менен бирге, завод курууну кечеңдеткен ар бир ай үчүн 200 миң долллар айып пул салынган. Ал эми 100 млн доллар баа жана мамлекеттин үлүшүнүн жоктугу - өкмөттүн аргументи жана позициясынан улам макулдашылган. 

Мындан сырткары, аукциондо жеңип алган «Восток-геолдобыч» 100 млн $ төлөп берген жана Visor группасы менен сот ишин чечүүгө  580 млн $ каражат берген.

«Биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында тоо-кен казуу боюнча ачык жана таза сынакөткөн», — деп билдирген ошол учурдагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы (экс)  Дүйшөнбек Зилалиев.

Зилалиевдин бул пикирине экономисттер дагы кошулган. Алар билдиргендей, келишимге ылайык 100 млн доллар бюджетке түшкөн.

 

 

Мындай ири долбоор экономикалык стабилдүүлүктүн шартында иштеш керек. Данияр Жаныкулов өзү берген интервьюсунда ишканын ишмердүүлүгүн саясатка аралаштырбай, тескерисинче жардам берүү керек деген оюн айтты. Себеби, жыл сайын мамлекеттиин бюджетине дээрлик 2 млрд сом түшүп турат, ал эми Талас облусуна дээрлик 4 млн доллар салык түрүндө түшүп турат.

 

 

 

Тэги: Жерүй Алтын кен Ишкана үлүш эксперт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу