JIA ассоциациясы 17 жылда рынокто өз ордун тапты — Аззамбек Жээнбай уулу

28.12.2023, 14:30 Акчабар
JIA ассоциациясы 17 жылда рынокто өз ордун тапты — Аззамбек Жээнбай уулу

Өнүгүүнүн эки багыты бар. Алардын бири билим болсо, экинчиси - бизнес. Кыргызстанда ишкерлердин башын бириктирип, бизнес жүргүзүү жаатында олуттуу иштерди жасап келе жаткан JIA бизнес-ассоциациясынын түптөлгөнүнө 17 жыл болду. Бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу “Акчабарга” уюмдун ишке ашырган долбоорлору жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.  

JIA бизнес-ассоциациясынын түзүлгөнүнө 17 жыл болуптур. Айтсаңыз, ассоциация 17 жыл аралыгында кандай иштерди аткарды? Кандай ийгиликтерге жетишти? 

JIA бизнес-ассоциациясы мындан туура 17 жыл мурун, 2006-жылы 26-декабрда түзүлгөн. Биз 17 жыл аралыгында рынокто өзүбүздүн ордубузду жаңыдан гана таап, аны бекемдеп, мындан ары өсүү жолундабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100дөн ашуун ассоциация бар, алардын ичинен ЖИАнын бир нече өзгөчөлүгүн жана жетишкендигин айткым келет. Биринчиден, биз чакан жана орто бизнестин башын бириктиребиз. Чакан жана орто бизнес экономиканын кыймылдаткыч күчү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жети облусунда биздин сегиз офисибиз бар. Аймактардагы ишкерликке көнүл бурулмайынча Кыргызстандын өнүгүүсү кечеңдей берет. Биздин мүчөлөрүбүздүн 70%ы аймактардан, бул биздин экинчи жетишкендигибиз. Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө мүчөлөрүбүз 1300дөн ашты. Жалпысынан Кыргызстанда бизнестин 12%ы гана ассоциацияларга мүчө. Бул өтө аз көрсөткүч, бирок 1300 жакшы көрсөткүч. Көп ишкерлерди камтып бул багытта иштеп жатканыбыз, биздин жетишкендигибиз.

“Эл аралык иш берүүчүлөр” уюму деген дүйнөлүк абройлуу улуттук ассоцияциялардын бирикмеси бар. Башкы кеңсеси Женевада жайгашкан. JIA бизнес-ассоциациясы 2019-жылы ошол уюмга Борбор Азиядан биринчи болуп Кыргызстандын атынан расмий түрдө мүчө болдук. Казакстан бизден кийин мүчө болду, Өзбекстан мүчө болгону турат. 

Быйыл кандай долбоорлорду ишке ашырдыңыздар? 

2023-жыл бизге жемиштүү жылдардан болду. Өзүбүздүн 10 жылдык стратегиялык планыбыз бар. Ошол стратегиялык планда 2027-жылга чейин максаттарыбыз, багыттарыбыз жазылган. Бизде кызматкерлер ошол стратегияны карап, иш алып барышат. Бишкектеги ишкерлер окутуу этабынан эбак эле өтүп кетсе, аймактагы ишкерлер бул процесстен эми өтүп жатышат. 2023-жылы биз 450дөн ашуун иш чара өткөрүппүз. Быйыл аймактарга көп көңүл бурабыз, ал эми шаардык кеңсе эл аралык келишимдерге көңүл бурабыз деп пландаганбыз. Бишкекте эл аралык кызматташууга көбүрөөк көңүл бурулду. Бир жылдын ичинде 15тин тегерегинде эл аралык уюмдар менен кызматташтык. Мисалы, Индиянын Мумбай шаарында жайгашкан экспортерлордун ассоцияциялары менен келишим түздүк. Келишимдин алкагында Мумбайга эки бизнес-тур уюштурдук. Бул ассоциациянын мүчөсү 40 миңден ашык. Андан тышкары Түштүк Кореянын "GEEPAS" деген чоң уюму менен кызматташууга кол койдук. Ал уюм дагы Түштүк Кореядагы инновациялык жана технологиялык компаниялардын башын бириктирген, мамлекеттин алдындагы ассоциация. Германиядагы чакан жана орто бизнестин башын бириктирген ассоциация менен кызматташа баштадык. Ал уюмдун дагы 130 миң мүчөсү бар. Германиянын өзүндө эле 100дөн ашык кеңсеси бар. Кыргызстанда да кеңсесин ачты. Грузиядагы, Казакстандагы ассоциация менен да кызматташа баштадык. Ушул өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен быйыл чет өлкөгө 20дай иш сапар уюштурдук. Анын алкагында 200дөй ишкер чет өлкөгө барып келди. Эл аралык иш сапарлар ишкерлерге жаңылык алып келүүгө жана жаңы нерсе үйрөнүүгө көмөктөшөт, дүйнө таанымы өзгөрөт. Эл аралык бизнес-турларга барып келгендердин арасында кызматташа баштагандар да бар. “Бизнес караван” деген да жакшы долбоорубуз бар. Бул долбоордо Бишкектеги ири өндүрүш ишкерлерди аймакка алып барып, түз кызматташуу келишимдерин түзүп бергенге мүмкүнчүлүк түзөбүз. 

Сиздердин ассоциацияга мүчө болгондордун саны өсүп жаткан экен. Окурмандардын арасында да мүчө болууну каалагандар болсо керек. ЖИАга кантип мүчө болууга болот? 

Кыргызстанда жигердүү иш алып барган 100дөй ассоциация бар. Бул ассоциациялар эки мыйзамдын негизинде иш алып барат. Биринчиси Соода өнөр жай палатасынын өзүнүн мыйзамы бар. Ал деле ишкерлердин башын бириктирген ассоциациялар менен мамлекеттин милдеттерин аткаруу менен иш алып барат. Андан тышкары, бардык ассоциациялар "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамдын алкагында иш алып барабыз. Ар бир ассоциацияга мүчө болуу шарты бул - ошол өлкөнүн жараны жана ошол өлкөдө бизнес жүргүзгөндүгүн тастыктаган документ болушу керек. Мындан тышкары, Юстиция министрлигинен жана Салык кызматынан каттоодон өтүп, салык төлөгөн ишкана болушу керек. Ошондой эле, ассоциациянын ички документтери даярдалат, мүчөлүк акыны ишкана тандайт, андан кийин эки тараптуу келишим түзүлөт. 

Учурда Кыргызстанда бизнестин кайсы багыты перспективдүү болууда? Сиздердин бизнес-ассоциацияда кайсы тармактан мүчө болгондор көп?  

Биз көп тармактуу ассоциациябыз. Биздин ассоциацияда 7 облустан тең мүчөлөр бар.  Биздин 70%га жакын мүчөлөрүбүз соода жана тейлөө тармагында эмгектенет. Кыргызстандын экономикасынын 70%ын дагы ушул эки тармак ээлейт. Андан тышкары, курулуш, курулуш материалдары менен иштегендер көп. Туризм, текстиль жана тигүү тармагында да ишмердүүлүк кылгандар бар. Кафе, ресторан жана мейманкана иштеткендер да өзүнчө чоң тармак болуп саналат. Акыркы учурда бизде жеке менчик билим берүү мекемелери (курстар, мектептер, бала бакчалар), жеке менчик медициналык компаниялар да биздин ассоциацияга мүчө болууда. Айыл чарба тармагында иштегендер көп эмес, бирок бар. Кыргызстан агрардык өлкө деп айтабыз. Тилекке каршы, биз агрардык өлкө деген атка толук кандуу жетише албай келебиз. Анткени дүйнө жүзү боюнча айыл чарба тармагы дотацияда турган тармак. Мамлекет тарабынан сөзсүз түрдө колдоо болушу керек, анткени айыл чарбанын артында элдин тамак аш коопсуздугу турат. Ал эми Кыргызстанда мал чарбачылыгы боюнча жалпы калк кармаган мал эт жагынан да түшүмдүүлүгү аз, сүт жагынан да түшүмдүүлүгү аз. Ошондуктан, экономикалык жактан алганда бизге бул тармак анча кирешелүү эмес. Бирок, бул багытта да ишкерлер Европадан породалуу малды алып келип, иштеп жаткандар бар. Бул багытта хобби катары иш алып баргандар гана иштеп жатат деп айтууга болот. 

Ишкер айымдарга арналган кандай долбоорлорду жүзөгө ашырдыңыздар? 

Албетте, бул багытка көңүл бурулушу керек. 2023-жылы бир топ уюмдардын демилгеси менен айым ишкердикти өнүктүрүү боюнча 2026-жылга чейин өзүнчө мамлекеттик программа иштелип чыкты. Биздин 1300дөн ашуун мүчөбүздүн 35%ын айымдар түзөт. Жалпысынан 450гө жакын айым ишкер бар. 2027-жылга чейин биз мүчөлөрүбүздүн санын 4 миңге жеткиребиз деген планыбыз бар. Ушул 4 миңдин 30%ы же 1 миң ишкер айымдарды түзөт деген максатты көздөгөнбүз. Биз коюлган максаттан азыр жакшыраак кетип жатабыз. Ысык-Көлдө бизге мүчө болгон ишкерлердин 50%дан ашыгын айымдар түзөт. Калган облустарда 30%дын тегерегинде айымдарды түзөт. Мындан тышкары, бизде “Жаштар” клубу жана “Айым ишкерлер” клубу бар. Бул клубда айымдар ай сайын чогулуп, иш чараларды уюштуруп турат. Ошол эле бизнести кандай жүргүзүш керек, бизнес менен үйдү кандай айкалыштырыш керек, финансылык сабаттуулук, кулинария, бизнес жана бала тарбиясы боюнча тренингдер болот. Регионалдык кеңештин мүчөлөрүнүн 50%ын айымдар түздү. Айымдар мурда жөн гана мүчө болсо, учурда ассоциацияны башкаруу чөйрөсүнө да катышууда. Быйыл Нарын менен Талас филиалдарыбызды айымдар жетектеди. Жыл сайын “Айым ишкерлер” форуму 19-ноябрда 190 өлкөдө белгиленет. Биздин ассоциация дагы форумду жергиликтүү жана регионалдык деңгээлде белгилейбиз. 2024-жылы айымдар үчүн “Креативдүү экономикада  айымдардын орду” аттуу долбоорду АКШ элчилигинин колдоосу менен чогуу ишке ашырганы жатабыз. Тилекке каршы, бул долбоор ОШ, Баткен жана Жалал-Абадда болгондуктан ошол аймактагы айымдарды гана камтыйт. Ошондой эле, бизде жаңы бизнес баштаган айымдар жана жаштарга арналган “Насаатчылык” долбоору бар. Бул долбоордо айымдар тажрыйбалуу ишкерлерден кеңеш алып, устат жана шакирт катары кызматташат. 

Алдыдагы 2024-жылга пландарыңыздар кандай? 

2024-жылы кайра эле аймактардагы ишкерлерге, аймактар аралык кызматташууга көңүл бурабыз. Ал жактагы ишкерлердин бара турган жери жок. Ошондуктан, алар маалыматка, каржылоого, таанышууга жана окутууга да өтө муктаж. Буга чейин кандай көңүл бурсак, ушул эле багытта быйыл да сапаттын үстүнөн иштейбиз. 2023-жылы бизде 12 жолу аймактар аралык иш-сапар уюштурулуптур. Мунун негизинде ишкерлердин өз ара соода алакасы да күчөйт. Мындан тышкары, эл аралык кызматташууга да көңүл бурабыз. Кыргызстанда 30дан ашык элчилик болсо, дээрлик ошонун баары менен тыгыз мамиле курабыз. Алар менен чогуу долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Көптөгөн элчилер аймактарга чыгып, ишкерлер менен таанышты. Ошол өлкөлөргө бизнес-турларды уюштуруп, кызматташууга да салым кошуп жатабыз. Мындан тышкары, чет өлкөдө бизнес кылган биздин мекендештерди биздин ассоциациянын ошол өлкөдөгү өкүлү кылып дайындоону пландап жатабыз. Кийинки жылы “Bishkek Investment Forum -2024” форумун өткөргөнү жатабыз. Учурда биз болжолдогон көлөмдөгү келишимдерге жетишүүдөбүз. Даярдыкты январь айында баштайбыз. Бул форумду 2022-жылы өткөргөндө 14 өлкөдөн делегация келген, 2024-жылы катышуучуларды эки эсе көбөйтүүнү максат койдук. Анда мыкты бизнес долбоорлорду жыйнап инвесторлор менен жолуктурабыз. 

 

Маектешкен Жанара Каденова 

 

Тэги: JIA Бизнес-ассоциациясы Аззамбек Жээнбай уулу бизнес Ишкердик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу