Кадамжай районунда кайрадан жибек өндүрүү тармагын жандандыруу башталды. Бул тууралуу КТРК билдирди. Учурда 2 тоннага жакын сырьё алынып, Өзбекстанга экспорттолгон.
Өндүрүлгөн чийки затты жибек өндүрүү боюнча келишимге ылайык кошуна Өзбекстан мамлекети сатып алат. Учурда пилланын килограммы 140 сомго бааланууда деп билдирет КТРК маалымат булагында.
Айта кетчүү жагдай Кыргызстанда өндүрүлгөн жибектин сапаты жогору. Анткени, табыгый шарты кургак болбой, нымдуулук болгондуктан пилланын сапаты алда канча жогору. Бирок, Кыргыз дыйкандары чийки сырьёну сатканда, аны кайра иштетип сатса көбүүрөөк пайда табышмсак. Алсак, учурда 1 кг пилла $2,5 сатылса, өндүрүлгөн жибек кг $34-40 америка долларына бааланмак.
Жибек өндүрушүн жандандыруу үчүн аймактагы тыт плантацияларын жакшыртуу зарыл.