Жогорку Кеңештин айлык маяналарга короткон чыгашасы 3.7 млн сомго көбөйдү

04.06.2020, 15:00 Акчабар
Жогорку Кеңештин айлык маяналарга короткон чыгашасы 3.7 млн сомго көбөйдү

Жогорку Кеңештин айлык маяналарга короткон чыгашасы 3.7 млн сомго көбөйдү.  Май айында Жогорку Кеңештин чыгымдары 39 млн 610.4 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлик билдирди.

 

Адаттагыдай эле, каражаттардын басымдуу бөлүгү- 68.9 пайызы же 27 млн 313 миң сом айлык акы катары сарпталган. Калган каражаттар төмөнкүдөй коротулган:

• Салымдар/социалдык муктаждыктарга кеткен каражаттар- 5 млн 609.8 миң сом;

• Кызматтарды жана товарларды колдонуу – 5 млн 278.5 миң сом;

• Кызматтарды жана товарларды сатып алуу – 681.6 миң сом;

• Коммуналдык кызматтар – 716.4 миң сом;

• Социалдык камсыздандыруу боюнча пособиялар – 11 миң сом;

• Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фонду – 3 млн 255 миң сом.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айына салыштырмалуу Жогорку Кеңештин чыгымдары 759.7 миң сомго көбөйгөн. Бул негизинен Жогорку Кеңештин айлык маянасынын 3.7 млн сомго, төраганын резервдик фондунун көлөмү 2.1 млн сомго жогорулагандыгына жана социалдык төлөмдөрдүн, салымдардын, которумдардын 2.2 млн сомго, кызматтарды жана товарларды колдонуу 827.6 миң сомго, коммуналдык кызматтарга болгон чыгымдар 545.2 миң сомго азайгандыгына байланыштуу болгон.

Тэги: Жогорку Кеңеш чыгаша

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу