Жогорку Кеңеште депутат айымдар форумунун кезектеги жыйыны өттү

05.03.2020, 10:00 Акчабар
Жогорку Кеңеште депутат айымдар форумунун кезектеги жыйыны өттү

4-мартта Жогорку Кеңештеги депутат айымдар форумунун кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымадалат.

Маалыматка ылайык, «Мамлекеттик саясатты калыптандыруудагы мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ачык диалогу» темасында болуп өткөн иш-чарага аталган форумдун мүчөлөрү, Бишкек шаардык кеңешинин айым депутаттары жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Отурум алкагында Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңешинин айым депутаттары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңешке караган Бизнес ассоциацияларынын айым-жетекчилеринин альянсы ортосунда кызматташтык жана өз ара байланышуу тууралуу үч тараптуу Меморандумга кол коюу маселеси каралды.

Депутаттар бул жолугушуу бизнес чөйрөсүнө тиешелүү айрым маселелерди талкуулоого өбөлгө түзгөнүн белгилешип, мындан аркы кызматташтык үчүн да маанилүү роль ойнорун кошумчалашты.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештеги айым депутаттар форумунун атынан Кыргыз Республикасындагы саясий, экономикалык жана социалдык багытта зор ийгилик жаратып, аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоо жаатында эмгектенип келе жаткан айрым айымдарга Ардак грамоталар тапшырылды.

Тэги: ЖК депутат айымдар форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу