Жогорку Кеңештин март айындагы чыгашасы 64 млн сомду түзгөн

05.05.2020, 11:50 Акчабар
Жогорку Кеңештин март айындагы чыгашасы 64 млн сомду түзгөн

Жогорку Кеңештин март айындагы чыгашасы 64 млн 4.3 миң сомду түзгөн. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 48 млн 379.2 миң сом же 75.6% кызматкерлердин эмгек акысына жумшалган. 

Эмгек акы

48 379, 2

Товар алууга жана кызматтарга

10 980,9

Взнос/социалдык төлөмдөр

 2371,9

ЖК төрагасынын Резервдик фондуна

  2245,0

Коммуналдык кызматтарга

  2064,09

Товар жана кызматтарга

  207,3

Кошумчалай кетсек, республикалык бюджеттин кассалык планына ылайык, Жогорку Кеңештин чыгашасы 45 млн 410.7 миң сомду түзмөк. Бирок, маалым болгондой чыгашанын көлөмү коюлган пландан  18 млн 593.6 миң сомго көп болгон. 

Тэги: Жогорку Кеңеш март чыгаша

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу