Жогорку окуу жайларды каржылоонун негизги булагы окуу акысы болуп эсептелинет

13.01.2021, 15:00 Акчабар
Жогорку окуу жайларды каржылоонун негизги булагы окуу акысы болуп эсептелинет

Жогорку окуу жайларды каржылоонун негизги булагы окуу акысы болуп эсептелинет. Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова маалымат жыйында билдиргендей, 2020-жылга карата республикалык бюджеттен министрликке баш ийген жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына 5 млрд 108 млн 600 миң сом каражат каралган.

 

 

«Анын ичинен гранттык негизде окуган студенттерге карата каралган каражат 589 млн 700 миң сомду түзөт. Атайын каражаттар (окуу акысы) 4 млрд 518 млн 800 миң сомду түзөт. Башкача айтканда, ЖОЖдорду каржылоонун негизги булагы окуу акысы болуп эсептелинет. Министрлик окуу акысын төмөндөтүүнү туура эмес деп эсептейт. ЖОЖдордо сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн кызматкерлерге эмгек акы төлөө керек, өркүндөтүлгөн техникалык-материалдык базасын түзүү жана инфраструктураны камсыз кылууга каражат керектелет. Анын баары окуу акысынан түшкөн каражатка ишке ашат», - дейт ал.

 

Баймуратова бүгүнкү күндө мамлекеттик ЖОЖдордо окуу акысынын орточу баасы жылына 28 миң 544 сомду түзөрүн айтат.

 

«Анын 76%ы эмгек акыга, 22,4%ы коммуналдык чыгымдарга, 1,4%ы материалдык жана техникалык базаны чыңдоого багытталган. Онлайн режимге өткөнү менен окутуучулардын эмгек акысы олуттуу түрдө азайган жок», - деп белгиледи ал.

 

Баймуратова кошумчалагандай, 14 миңден ашык студент пандемия учурунда үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болгондуктан 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында окуу акысынын төлөө мөөнөтү узартылган.

 

«Ага байланыштуу 2020-жылдын 1-июлуна карата ЖОЖдордун эсебине 1,4 млрд сом түшкөн эмес. Ошондуктан ЖОЖдордун окуу акысын кыскарта албайбыз», - деди министрликтин өкүлү.

Тэги: ЖОЖ окуу жай каражат окуу акысы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу