Жолдорду оңдоого 2023-жылы 256 млн $ насыя алынат

19.10.2020, 10:30 Акчабар
Жолдорду оңдоого 2023-жылы 256 млн $ насыя алынат

Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги жолдорду реаблитациялоого 2021-2023-жылдары 293 млн доллар каралууда. Анын ичинен 256 млн доллар - эл аралык банктардан алган насыя каражаттары. Бул тууралуу 2021-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулардын вебинарында белгилүү болду. 

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, насыянын басмыдуу бөлүгүн - Азия өнүктүрүү банкы, 170 млн доллар бөлөт. Каржылоонун башкы үлүшү атап айтканда, 66.6 млн доллар же 72.2 млн доллар 2021-2022-жылдарга туш келет. 2023-жылы 28 млн доллар каржы алуу күтүлүүдө.  

2023-жылы ведомство Дуйнөлүк банк тарабынан 99.4 млн доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан – 23.8 млн доллар алууну пландаштырып жатат. 

Эл аралык каржы уюмдарынан сырткары, жолдорду реаблитациялоого КР өкмөтү дагы 36.5 млн доллар  бөлөт. 

Тэги: жол насыя каражат Кыргызстандын жолдору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу