Кочкордун жашоочулары Усубалиевтин сүрөтү түшүрүлгөн купюраны чыгарууну сунушташты

13.09.2019, 14:20 Акчабар
Кочкордун жашоочулары Усубалиевтин сүрөтү түшүрүлгөн купюраны чыгарууну сунушташты

Нарын областынын Кочкор районунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов 12 – сентябрь күнү жергиликтүү тургундар менен жолукту. 

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар авариялык абалда жаткан мектеп, оорукана, жайыт жер, маселелерин көтөрүштү.  

“Кышкыга болгон даярдыктар күчөшү керек. Көмүр казуу иштери солгундап жатат. Биринчи жылуулук менен мамлекеттик мекемелер, андан соң гана жергиликтүү  тургундар камсыз болот. Аба-ырайына ишенип отура бербей, түшүмдү тез арада жыйноо керек. Бул иштин баарын аким менен айыл өкмөт мойнуна алуусу шарт. Ар бир аким 4 жылга өнүгүү программасын иштеп чыгуу керек. Инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлсүн. Кочкордун климаты башка райондорго салыштырмалуу абдан жакшы.  Кичи ишканаларды ачууга жергиликтүү бийлик план түзүш керек. Бул планды кийинчерээк талап кылам.” – деп билдирди Алымкулов. 

Жергиликтүү тургундар Т.Усубалиевтин 100 жылдыгын Кочкор районунан өткөзүүнү жана Усубалиевтин сүрөтү түшүрүлгөн купюраны чыгарууну сунушташты. 

Тэги: Кочкор Усубалиев Алымкулов жолугушуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу