Жылдын аягында Кыргызстанда баалардын өсүшү 4% түзөт

02.10.2019, 16:15 Акчабар
Жылдын аягында Кыргызстанда баалардын өсүшү 4% түзөт

Улуттук банк 2019-жылдын 30-сентябрында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет. 

КР  инфляция бир калыпта төмөн динамикада сакталууда. Жылдык инфляция 2019-жылдын январь айындагы 0,4 пайыздан жогорулап, сентябрь айында (20-сентябрга карата) 2,2 пайызды түзгөн. Инфляциянын мындай түптөлүшү буга чейин мурда белгиленгендей эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баа конъюнктурасынын туруктуу болушу жана ички суроо-талаптын жогорулап кетпеген динамикасы менен шартталган.  

Улуттук банк, ички жана тышкы таасирлер жок болгон шартта, төмөн инфляциялык динамика өтүп жаткан жылдын акырына чейин 4,0 пайыздан ашпаган көрсөткүчтө (2019-ж. дек./2018-ж.дек) сактала тургандыгын, ал эми анын орточо жылдык мааниси – 1,2 пайыз деңгээлинде болушун болжолдоодо.  

 

Тэги: Жыл аягы пайыз товарга болгон баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу