2020 – 2023 – жылдары Кыргызстандын Нарын, Талас, Баткен облустарына караштуу 133 айыл-аймагы таза суу менен камсыз болот. Долбоордун жалпы суммасы 90 млн.$ түзөт. Бул тууралуу Ноокат районундагы суу менен камсыз кылуу тутумунун ачылышында премьер-министр МухмаммедкалыйАбылгазиев билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 10, 2020 – жылга чейин таза суу менен 24 айыл-аймагы камсыз болот деп билдирди өкмөт башчы.
Эске сала кетсек, Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл округундагы суу менен камсыз кылуу тутуму 20 миңге жакын элет тургундарын таза суу менен камсыз кылат.