Соода жана транспорт жактан өнүгүү жолунда Казакстан Республикасы 71-орунда турат. 2025 – жылга коюлган план боюнча Кзакстан “Топ-40” мамлекеттин катарына кирүү керек. Бул тууралуу kapital.kz сайты КР улуттук экономика министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
Бул тапшырманы ишке ашыруу үчүн Казакстан соода жана транспорт инфраструктурасынын сапатын жакшыртуу керек.
“2025-жылы Казакстан топ-40тын катарын кириш керек. Бул Италия, Эстония, Чилим мамлекеттеринин деңгээли менен барабар болот. Аталган рейтиингге катталуу үчүн: каржы системасындагы туруктуулук жана өнүгүү, саламаттык сактоо системасынын өнүгүшү, инфраструктуранын сапаты жана өсүшү, инновациялык жөндөмдүүлүк, интелектуалдык өсүү керек” – деп билдирди экономика министри Руслан Даленов.
Казакстандын 2018 – жылдагы жыйынтыгы менен атаандаштык жөндөмдүүлүк глобалдык индексте 59- орунда турат. Ал эми ушул эле көрсөткүч менен Кыргызстан 97 - орунда турат.