Кыргызстанда 2023-жылдын соңунда инфляция 5,2%га төмөндөйт — ЕӨБ

29.11.2022, 16:39 Акчабар
Кыргызстанда 2023-жылдын соңунда инфляция 5,2%га төмөндөйт — ЕӨБ

Серепчилер 2023-жылдын аягына чейин Кыргызстанда инфляциянын басаңдап, 5,2% түзөрүн болжолдошууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

"Быйыл 2022-жылдын жазынын орто ченинде башталган сомдун курсунун бекемделиши 2023-жылдын башында тышкы инфляциялык факторлордун таасирин жарым-жартылай компенсациялайт. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда жогорку баалар жана жеткирүүлөрдүн кечеңдеши 2023-жылдын биринчи жарымында дагы эле Кыргызстандын ички бааларына жогорулоо багытында басым жасайт. Бирок жылдын экинчи жарымында тышкы сектордогу кырдаал турукташкандыктан, инфляциянын басаңдоосу жогорулайт”, — деп айтылат документте.

Инфляция 2024-жылы максаттуу көрсөткүчкө кайтып келет деп болжолдонууда.

“Орто мөөнөттүү келечекте биз керектөө бааларынын индексинин өсүү темпинин басаңдашын болжолдоп жатабыз. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы жагдай ички баанын динамикасына нейтралдуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Орто мөөнөттүү келечекте мунай рыногунун кысымы да басаңдайт. Натыйжада 2024-жылы инфляция максаттуу көрсөткүчтүн чегинде болот”, - дешет серепчилер. 

Тэги: новости Кыргызстана экономика ЕАБР инфляция прогноз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу