«Алтын Альянс» компаниясы жер казуу иштерин баштады. Учурда казылган руданын көлөмү 5 тоннага жетти. Алтынды чыгаруу үчүн дагы 20 тонна руда казылыш керек деп билдиришти адистер.
Декабрь айынын аягына чейин тоо-кен казуу компаниясы алтын чыгаруучу фабриканы ишке киргизет. Алгачкы алтын куйманы инвесторлор 2020-жылдын март айында алууну пландоодо.