Кыргызстанга Sinopharm жана Pfizer вакциналары сентябрь жана октябрь айларынын аягында келээри күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын айтымында, COVAX программасынын алкагында кытайлык Sinopharm вакцинасы сентябрдын аягына чейин 259 миң 000 доза, Pfizer вакцинасы күздүн ортосунда жеткирилет деп күтүлүүдө.
"2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосу аркылуу Moderna вакцинасын берүү маселеси каралышы мүмкүн. Биз чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен дипломатиялык каналдар аркылуу алдыдагы вакциналарды жеткирүү боюнча иштөөнү улантып жатабыз", - деди ал.