Күз-кыш мезгилине 3 млн 18 миң тонна көмүр керек

26.09.2021, 11:24 Акчабар
Күз-кыш мезгилине 3 млн 18 миң тонна көмүр керек

Экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоого ылайык, республика боюнча 3 миллион 18 миң тонна көмүрдү сатып алуу зарыл. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиевдин Нарын облусуна болгон иш сапарында белгилүү болду.  

Ал Жумгал районундагы “Кара-Кече” көмүр кенине барды. Анда өлкөдөгү социалдык объектилерди көмүр менен камсыздоо иштери ушул жылдын октябрь айында башталаарын билдирди.

“Көмүр казуу процессин тездетүү үчүн көмүр казуучу ишканаларга ӨКМ тарабынан кошумча жабдуулар берилди. Октябрдын башынан тартып республиканын аймактарына көмүр ташуу башталат. Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу көмүр казуудагы артта калуучулукка жана күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшүнө карабай, калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүргө болгон талабы толук көлөмдө аткарылат”, - деди Азиз Аалиев.

 

Тэги: ОЗП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу