Ушул жылдын июль айынан баштап Кыргызстандагы дарыгерлердин айлык маянасы 50% га көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында билдирди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы белгилегендей, буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын айлыктары көтөрүлгөн. Эми башка категориядагы дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт.
Бакашова жергиликтүү бийликти саламаттык сактоо тармагындагы кадрлардын жетишсиздиги боюнча көйгөйдү чечүү үчүн келечектеги дарыгерлерди колдоого чакырды.