Аймактарда бош турган мамлекеттик имараттар тигүү тармагындагы ишканаларына берилиши мүмкүн

08.09.2022, 11:30 Акчабар
Аймактарда бош турган мамлекеттик имараттар тигүү тармагындагы ишканаларына берилиши мүмкүн

Өкмөт зарыл болгон учурда аймактардагы бош турган мамлекеттик имараттарды тигүү тармагындагы ишканаларга пайдаланууга берүүгө даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, ишкерлердин жана жеңил өнөр жай кызматкерлеринин жигердүү ишинин аркасында Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жакшы экспорттук көрсөткүчтөргө ээ.

“Негизинен кийим тигүү тармагынын жумушчуларынын мүмкүн болгон салымынын аркасында республиканын калкы ата мекендик жогорку сапаттагы продукцияны сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк алды. Биз текстиль жана тигүү тармагынын экспорттук дараметин жогорулатууда бардык шарттарды түзүү менен катар, каржы жагынан да колдоого даярбыз. Буга чейин мамлекетте ишкерликти колдоо үчүн зарыл болгон финансылык каражат жок болчу. Эми өндүрүштүк долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар – деди ал.

Акылбек Жапаров токтоп турган ишканаларды жандандырууга жаңыдан түзүлгөн "Кыргызиндустрия"мамлекеттик ишканасы көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер тарабынан бир топ көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Алар, акыркы учурда тигүү ишканаларына буйрутма көбөйүп, бирок кесипкөй жумушчу күчү жетишпей жатканы, аймактарда ири тигүү цехтеринин филиалдарын ачууда жеңилдетилген насыялар керектигин, экспортту көтөрүү үчүн тигүү тармагына тийиштүү заманбап технологияларды сырттан сатып алууда салыктан бошотуу сындуу маселелерди айтышты.

Жыйынтыгында экономика жана коммерция министрлигине "Легпром" Ассоциациясы жана финансы институттары менен бирдикте текстиль тармагына жеңилдетилген насыя берүү жана чийки заттын жана материалдык ресурстардын импортуна көз карандылыкты азайтуу чараларын иштеп чыгуу тапшырылды.

Тэги: легкая промышленность Акылбек Жапаров антикризисные предложения швейная индустрия экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу