«Манас» аэропортун араб компаниясы оңдоп-түзөйбү?

12.12.2022, 14:56 Акчабар
«Манас» аэропортун араб компаниясы оңдоп-түзөйбү?

Бүгүн, 12-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен жолукту. Бул тууралуу тиешелүү мекеме билдирди. 

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун көп кырдуу багыттарын талкуулашты. Ага ылайык, эки өлкө ортосундагы ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, учурда “AD Ports Group” менен эки багыт боюнча өлкөдөгү аэропортторду реконструкциялоо жана куруу жана бажы жана чек ара бекеттерин модернизациялоо боюнча тыгыз кызматташуу жүрүп жатат. Бул долбоорлордун жалпы баасы болжол менен 800 миллион долларды түзөт. 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы“Акчабарга” бул оңдоп-түзөө иштери “Манас” аэропорту жана аймактык башка аэропортторго тиешелүү экендигин билдирди. 

Эске салсак, 2021-жылдын башында Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) “Манас” аэропорту боюнча Мамлекеттик-жеке өнөктөш долбооруна кеңешчи катары бекитилген. Кеңешчилик кызматтардын алкагында IFC “Манас” эл аралык аэропорту үчүн МЖӨ долбоорун көп тараптуу кароону жана структуралаштыруу, ошондой эле “Манас” аэропортунун инфраструктурасын изилдөө (техникалык, укуктук, табигый жана социалдык), финансылык талдоо, болжолдоо жана диагностикалоо иштерин жүргүздү.

Бардык документтер даяр болгондон кийин IFC Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен бирге инвестициялык конференция уюштуруп, анда тогуз ири компания "Манас" аэропортун реконструкциялоого кызыктар болгон. Бирок БАЭден келген “AD Ports Group” компаниясы бул тизмеде жок болчу. 

 

Тэги: экономика реконструкция манас ОАЭ новости Кыргызстана IFC

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу