«Мамлекеттик ипотекалык компанияга» жер тилкелери мөөнөтсүз берилет

05.02.2024, 10:33 Акчабар
«Мамлекеттик ипотекалык компанияга» жер тилкелери мөөнөтсүз берилет

Турак жай курулушун кеңейтүүгө жана анын наркын төмөндөтүүгө багытталган “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын алкагында комплекстүү иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу Токтом маалымат порталына жарыяланды. 

Турак жай тармагындагы негизги көйгөйлөр ушул убакка чейин курулуш үчүн жерди пайдалануу боюнча бирдиктүү саясаттын жана үлүштүк каржылоо механизминин жоктугу болуп келген, бул өзгөчө чет өлкөдө иштеген жарандар үчүн маанилүү. Мамлекеттик жана муниципалитеттердин карамагындагы көптөгөн жер тилкелери бюджеттик каражаттардын чектелүүсүнөн улам пайдаланылбай калган.

Буга байланыштуу президенттин 2024-жылдын 30-январындагы жарлыгы менен Министрлер кабинетине турак жай куруу үчүн жер тилкелерин аныктоо жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга берүү тапшырылган. Ошондой эле, чет өлкөдө иштеген жарандарды жана өз үйүндө турак-жай курууга инвестиция салууну каалаган өлкөнүн башка жарандарын колдоочу үлүштүк каржылоо механизмин иштеп чыгуу тапшырылды. 

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана ГИК токтом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу