Өкмөт электр энергиясына тарифти көтөрдү, бирок бардыгы үчүн эмес

22.12.2022, 09:59 Акчабар
Өкмөт электр энергиясына тарифти көтөрдү, бирок бардыгы үчүн эмес

Кыргызстанда “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” Министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

“Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында өзгөртүүлөр киргизилүүдө”, — деп айтылат токтомдо.

Юстиция министрлигинин документине жана маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка турак жай эмес керектөөчүлөргө тиешелүү.

Алсак, тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн 1 киловатт-саат үчүн 252 тыйын өлчөмүндөгү тариф 340 тыйынга чейин көтөрүлдү.

Белгилеп кетсек, бюджеттик мекемелерге республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер кирет.

Тэги: экономика новости Кыргызстана электроэнергия тарифы на электричество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу