Экономика министрлиги дизель майына, АИ-80 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге бааларды 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады.
Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга коюлду. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, жыл башынан бери республика боюнча АИ-80 үлгүсүндөгү бензин орточо эсеп менен 23, сомго, АИ-92 - 22 сомго, дизель 17 сомго кымбаттады.