Кыргызстан Кытайдын Шэньси провинциясы менен кызматташат

01.05.2024, 11:01 Акчабар
Кыргызстан Кытайдын Шэньси провинциясы менен кызматташат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   

Жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Сиань шаарынан башталган байыркы Улуу Жибек жолун уникалдуу түрдө калыбына келтирет деген оюн билдирди.

“Географиялык жайгашуусунун артыкчылыгы менен Шэньси жана Кыргызстан провинциялары эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмдөрүн тарта алат, бул Кытай менен өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөт”, - деди Акылбек Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты, атап айтканда соода-экономикалык багытта, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын Шэньси провинциясына экспорттоо, туризмди өнүктүрүү, биргелешкен Кыргызстандын өнөр жай зоналары жана айыл чарба парктары боюнча пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү.  Тараптар ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Тэги: новости экономика Кыргызстана кабмин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу