Өкмөт жаңы ишканага 500 млн сом өлчөмүндө насыя бөлөт

31.03.2023, 09:28 Акчабар
Өкмөт жаңы ишканага 500 млн сом өлчөмүндө насыя бөлөт

Министрлер кабинети тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Тиешелүү чечим ведомствонун сайтында жарыяланды.

Ишкана мамлекеттик ооруканаларды жана калкты жеткиликтүү баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоонун жаңы ыкмасын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Буга байланыштуу Финансы министрлигине “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына 2023-жылы 500 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик насыя бөлүп берүү жана келерки жылы да ушундай көлөмдөгү каражатты кароо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондусу 30 миллион сомду түзөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте ишкананы акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында кампа менен камсыз кылуу тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлиги өз кезегинде жаңы ишкананы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, ошондой эле тиешелүү лицензияларды бериши керек.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Кыргызвармация новое предприятие кабмин Минздрав Минфин Минюст

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу