Өкмөт «Майлуу-Суу электр лампа заводуна» инвестор издейт

25.05.2022, 10:29 Акчабар
Өкмөт «Майлуу-Суу электр лампа заводуна» инвестор издейт

Министрлер кабинетининтөрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы“Майлуу-Суу электр лампа заводу” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызмаьынан кабарлашты.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө министрлер кабинети токтоп турган заводдорду ишке киргизүүгө көмөктөшүү жана ата мекендик өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча милдеттерди койду.

“Аймактарда көп нерсе шаарды түзүүчү өнөр жай ишканаларынын ийгиликтүү иштешинен, анын ичинде жарандардын жашоо шартынан, инфраструктуралык маселелерди чечүүнүн ылдамдыгынан, жумуш орундарынын болушунан жана жалпысынан социалдык-экономикалык кырдаалдан көз каранды. Ошондуктан, биз мындан ары да ата мекендик өнөр жай ишканаларын колдоо маселелерине дыкат көңүл бурабыз”, - деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Майлуу-Суу электр лампа заводунда 1250дөй адам иштейт. Заводдогу айнек чыгаруучу мешти реконструкциялоо жана иш процесстерин модернизациялоо үчүн ишканага инвестиция тартуу зарыл. Бул өндүрүштүн жыл бою иштешин камсыз кылат жана жумушчу орундардын санын 2000ге чейин көбөйтөт.

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, өндүрүштү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле жумушчу орундардын санын көбөйтүү максатында электр лампа заводуна инвестиция тартуу же насыя берүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Тэги: Майлуу-Сууйский электроламповый

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу