Президент ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо керектигин белгиледи

08.02.2021, 15:00 Акчабар
Президент ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо керектигин белгиледи

Кыргыз Өкмөтү экономиканы колдоо максатында Өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуусу зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Марипов менен болгон жолугушууда маалым болду. 

Мамлекет башчысы ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо, жеке сектор менен инвесторлорду колдоо жана коргоо маселесин жеке көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи. Ал бизнес менен өз ара аракеттешүүдө бюрократиялык жол-жоболорду мүмкүн болушунча азайтып, Өкмөт учурда коюлган милдеттер боюнча ыкчам жана тез чечимдерди кабыл алышы зарылдыгын, бул мамлекеттик органдарды оптималдаштыруунун максаты экенин кошумчалады.

 

Премьер-министр Улукбек Марипов учурда Өкмөт Мамлекет башчысынын алгачкы беш жарлыгында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле ал өлкөдөгү бизнес секторун, инвесторлорду жана ишкердикти колдоо боюнча бир катар өкмөттүк чечимдер иштелип жаткандыгын кошумчалады.

 

 

Тэги: правительство экономика кризис

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу