Кадамжайдын малинасы быйыл эки эсе кымбат болууда

24.09.2021, 11:20 Акчабар
Кадамжайдын малинасы быйыл эки эсе кымбат болууда

Малинанын мекени катары сыпатталган Баткен облусунун Кадамжай районунда быйыл малина эки эсе кымбат болууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Баткен облустук монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалымат ылайык, былтыркы жылы анын килограммы 70 сомдон сатылса, быйыл биринчи түшүм 130 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми экинчи түшүмгө кирген күзгү малиналар учурда Баткендин базарларында 180 сомго чейин сатылууда.

Адистер малинанын кымбатташын түшүмдүн аздыгы менен байланыштырышууда. Быйылкы жылы малина бышкан мезгилде кар жаап түшүмгө таасирин тийгизен.

Кадамжай району боюнча 102 гектар жерге малина эгилет. Ал Кыргызстандын бардык булуң бурчтарына сатылат. Ал эми экспортко негизинен Орусияга чыгарылат.

 

Тэги: малина Кадамжай түшүм экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу