«Кадастр» мекемеси мамлекетке 142 млн сом зыян келтирген

29.05.2023, 10:55 Акчабар
«Кадастр» мекемеси мамлекетке 142 млн сом зыян келтирген

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызмат адамдары бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүп, турак үйлөрдү сатууга шарт түзүп бергендигинен улам мамлекеттин эсебине 142 млн. 683 миң сомго зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен 1,524 га жер участогу көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн, “А” ЖЧКга курулган турак үйдүн 10%ын Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүп берүү шартында акысыз пайдаланууга берилгендиги аныкталган.

“Бирок, “А” ЖЧКсы “Э” жана “Р” курулуш компаниялары, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жооптуу кызмат адамдары менен алдын ала макулдашып, курулган турак-жайлардын тиешелүү бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп бербестен, биргелешкен кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзүп, үчүнчү жактарга сатып жибергендиги тастыкталган”, - деп айтылат маалыматта. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу