Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭК сайтында маалымдалды.
ЕЭКтин жаңы министри Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматта чоң тажрыйбага ээ.
Ал 2022-жылдан бери президенттик администрациянын Евразия экономикалык биримдигинин маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.