«Кайыңды-Кант» бааны чектөө боюнча келишимди узартууга даяр

29.04.2021, 09:40 Акчабар
«Кайыңды-Кант» бааны чектөө боюнча келишимди узартууга даяр

"Кайыңды-Кант" социалдык маанилүү товарларга бааны ооздуктоо боюнча макулдашууну узартууга даяр. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин сайтында маалымдалды.

Келишимге ылайык, бааны чектөө боюнча макулдашуу 1-июнда бүтүшү керек, бирок "Кайыңды-Кант" заводу бул келишимди узартууга даяр. Учурда завод төрт соода түйүнүнүн ар бирине кумшекердин килосун 54 сомдон сатууда.

Өз кезегинде, фабрика башка керектөөчүлөр үчүн кумшекердин дүң сатуу баасын килограммына 60 сомдон 55,5 сомго чейин төмөндөттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кантка болгон жылдык муктаждыгы 100-110 миң тоннаны түзөт. Ата мекендик кант өндүрүү керектөөнүн 50-60% жабат. Өлкөнүн муктаждыгын толугу менен жабуу үчүн кант Орусиядан, Беларусиядан, Украинадан жана башка өлкөлөрдөн импорттолот.

Бүгүнкү күндө республикада кум шекердин орточо базардагы чекене баасы килограммы 64,7 сомду түзөт.

Тэги: экономика сахар ОАО «Каинды-Кант» потребительская корзина

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу