“Кайыңды-Кант” кант заводу Кыргызстандын аймактарына темир жол аркылуу жүк жөнөтүү үчүн жол кире жеңилдиктерин алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Бүгүнкү күндө завод камыш чийкисин кайра иштетүү жолу менен кант өндүрүүдө. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстан Орусия, Бразилия, Индия жана башка өлкөлөрдөн бөлүнгөн квотанын чегинде 49 миң тонна чийки затты алымсыз алган.
Эске салсак, май айында завод “Демир Банк” менен жалпы суммасы 13,9 миллион долларга эки кредиттик келишимге кол коюп, ал каражат жаңы процессинг линиясын ишке киргизүүгө жумшалган.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.