“Кайыңды-Кант” кант заводу “Демир Банк” менен кредиттик келишим түздү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, келишим 23-майда түзүлгөн. Кредиттик келишимге ылайык, банк кант заводуна жылына 7,5% менен 10,4 млн доллар берет. Мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.
Келишим “Кайыңды-Канттын” активдеринин 10% же андан көп бөлүгүнө бааланганын кошумчалайбыз.
Белгилеп кетсек, бул тараптардын ушул айдагы экинчи кредиттик келишими. Ошентип, 12-майда биржа коммерциялык банк комбинатка 6 айга жылдык 7,5% менен 3,5 млн доллар бөлгөнүн билдирди.