Кайра шайлоо: Талапкерлердин бюллетендеги номуру эртең аныкталат

07.02.2022, 09:30 Акчабар
Кайра шайлоо: Талапкерлердин бюллетендеги номуру эртең аныкталат

Бир мандаттуу Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бюллетендериндеги катар номерлерин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүү күнү бекиди. Борбордук шайлоо комиссиясынан маалым болгондой, жараян эртең, 8-февралда өтөт.

Боршайком шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы 10-февралга чейин бекитилерин жана бул күндөн кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарып ала албай турганын эскертти.

Белгилеп кетсек, БШК бүгүнкү күндө талапкерликке арыз берген 72 адамдын 53үн каттады.

Жогорудагы эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Тэги: кайра шайлоо Талапкер бюллетень ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу