Кайра жаралуучу энергияны өндүрүүчүлөргө жеңилдиктер берилет

28.03.2023, 10:10 Акчабар
Кайра жаралуучу энергияны өндүрүүчүлөргө жеңилдиктер берилет

Кыргызстанда күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүнү каалагандарга жеңилдиктерди берүү боюнча токтом кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, электр станцияларын курууга жерлерди мөөнөтсүз пайдаланууга берүү каралат. Андан тышкары, жер тилкелерин берүүдө жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат.

“Аталган токтом Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу, өлкөнү энергиянын кайра жаралбоочу булактарынан көз карандылык деңгээлин азайтуу, энергияны жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү жана адамдын ден соолугун коргоо максатында кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 71 кайра жаралуучу энергия булактарынын субъектилерине күбөлүк берилген. Аларга 68 кичи ГЭС, 1 күн станциясы, 1 шамал мачтасы жана бир сүзүүчү фото-электр станциясы кирет.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу