Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Кайрат Осмоналиев Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Осмоналиев 2016-жылдан тарта шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген.