2021-жыл алтынга кыска мөөнөттүү инвестициялар үчүн анча жакшы жыл болгон жок

31.12.2021, 10:57 Акчабар
2021-жыл алтынга кыска мөөнөттүү инвестициялар үчүн анча жакшы жыл болгон жок

Биз өткөн жыл ичинде баалуу металлдын наркынын кескин өзгөрүлмөлүүлүгүн байкадык. Анын баасы бир көтөрүлүп, бир түшүп жатты. Бирок кандай болгон күндө да алтын 2020-жылдагы рекорддук өсүштү кайталай алган жок.

31-декабрга карата Кыргызстандын Улуттук банкынан аффинаждалган алтындын бир унцийин сатып алуу баасы 158 миң 744,5 сом деңгээлинде белгиленди. Күндүз баалуу металл 0,6% кайтарып алууга жетишти.

Ошол эле учурда,  эгерде жылдык негизде бааны карай турган болсок, банк тарабынан чыгарылган бардык номиналдагы куймалар 2020-жылдын 31-декабрынан баштап 1,45%дан 1,86га чейин арзандады.

Муну менен 2021-жыл алтын куймаларына кыска мөөнөттүү инвестициялар үчүн эң жакшы жыл болгон эмес деген тыянакты чыгарууга болот. Ошондой эле бегилей кетүүчү нерсе, алтын ар дайым узак мөөнөттүү инвестиция үчүн ыңгайлуу болуп келет.

Бирок, 2020-жылы кимдир бирөө алтынды сатып алуу жана сатуу менен акча табууга жетишти. Алсак, 2020-жылдын март айында унцияны минималдуу баада – 122,4 миң сомго сатып алып жана ноябрда 177,8 миң сомго сатуу менен өзүңүздүн инвестицияны 42,63%га көбөйтүүгө болот. Мындай кирешени банктар да, ички фондулук рыноктун баалуу кагаздарынын эмитенттери да сунуштабайт.

Тэги: золото Нацбанк Кыргызстан сбережения инвестиции в золото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу