Какие ценные бумаги Кыргызстана покупали на прошлой неделе (обзор)

12.07.2019, 11:32 Акчабар
Какие ценные бумаги Кыргызстана покупали на прошлой неделе (обзор)

Акцияларды байкоого алган 1-июлдан - 5 июлга чейинки мезгил аралыгында өзгөрүү  болгон эмес. Акциялардын бул аптада «тоңуп»калышы, сооданы 95.45% төмөндөткөн. Баардык көрсөткүчтө төмөндөө бар. Бул тууралуу   «Сенти» финансы компаниясы билдирди.

Апта аралыгында  48 соодалашуу болуп, анда  6 компаниянын эмитетиндеги 156  миң 851  баалуу кагаздар сатылган.Жалпы сооданын суммасы 6.43 млн сомго жетти. Ал эми облигациялар сектору  акцияларды  20 эсе басып өттү.

Негизги көрсөткүчтөр

24.06 - 28.06

01.07 - 05.07

Өсүү темпи +/-

Сооданын көлөмү (сом менен)

141 278 062,7

6 429 227

-95.45%

Баалуу кагаздардын көлөмү

641 344

156 851

-75.54%

Соодалашуунун көлөмү

74

48

-35.13%

Эмитенттердин саны 

19

6

-68.42%

Акциялар сектору 

Биржада акциялардын сатылышы өткөн  аптага салыштырмалуу төмөн болду.  Ал биржадагы сооданын 4.73% ган түздү. Болгону  3  гана соода жасалып, анда үч компаниянын баалуу кагаздары сатылды. Эң ири көлөмдө «Кант цемент заводунун» ААК акциялары сатылды.

Облигациялар сектору 

Облигациялар секторунда көлөмү көбөйдү. Анда узак мөөнөттөгү кирешелүү облигацияларга суроо талап жогорулаган. Рынокто «Первая Металлобаза», «Салым Финанс»  менен «Миң Түркүн» обигациялары өтүмдүү  болду. Облигациялар секторунда 95.27% баалуу кагаздар ээлеген. Анда үч компаниянын баалуу кагаздары менен 45 соода жасалды.  

Негизги көрсөткүчтөр

Акция

Салыштырмалуу салмак

Облигация

Салыштырмалуу салмак 

Сооданын көлөмү (сом менен)

304 184,5

4.73%

6 125 042,5

95.27%

Баалуу кагаздардын саны

150 731

96.10%

6 120

3.90%

Сооданын саны

3

6.25%

45

93.75%

Эмитенттердин саны

3

50.00%

3

50.00%

Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу.

 2019-жылдын 2-июлдагы аукциондун жыйынтыг боюнча МБК төмөндөгүдөй жайгашты:

  • Улуттук банктын 7-күндүк нотасы 1.5 млрд сом суммасына орточо салмактанган кирешелери боюнча 3.69% (+0.10%);
  • Улуттук банктын 28-күндүк  нотасы 400 млн сомго орточо кирешеси менен 4.18% (+0.00%);
  • Улуттук банктын 91-күндүк нотасы  70 млн сомго орточо салмактагы кирешеси менен 4.24% (+0.04%) жайгашты;

2019-жылы 5-июлда МКО  425.5 млн сом суммасында орто кирешелүү салмакта  11.13% жайгаштырылды.

Кредиттик аукцион 2019-жылы 4-июлдагы аукцион болгон жок. Антикени, жетиштүү  сандагы катышуучулар чогулган эмес. 

Коммерциялык банктардагы узак мөөнөттөгү депозиттер  8-13% кармалууда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу