Кыргызстанда эң көп кандай баалуу металлдар суроо-талапка ээ?

06.12.2022, 11:07 Акчабар
Кыргызстанда эң көп кандай баалуу металлдар суроо-талапка ээ?

Кыргызстанда эң көп талап кылынган баалуу металлдар тууралуу Каржы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар департаментинин директору Канат Мадумаров айтып берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал Кыргызстанда баалуу металлдар тобуна алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий, родий) кирет.

“Ошол эле учурда Кыргызстанда Баалуу металлдар жана асыл таштар боюнча мамлекеттик фонд бар. Ал мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана мамлекеттик органдардын өндүрүштүк, финансылык, илимий, социалдык-маданий жана башка керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик фонд республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен сатылып алынган, ошондой эле конфискацияланган, ээси жок, мамлекетке мураска калган, казыналардан жана археологиялык казуулардан табылган баалуу металлдардан, асыл таштардан, зергер буюмдарын жыйнайт. 

Кыргызстан ЕАЭБге, ошондой эле Кытайга, Түркияга, Германияга жана БАЭге алтын чийки затын жана даяр өнүмдөрдү экспорттоочу өлкө болуп саналат. Ал эми Кыргызстандын ичинде эң көп талап кылынган баалуу металлдар алтын жана күмүш болуп саналат.

 

Тэги: экономика драгметаллы Мадумаров Канатбек новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу