Калктын аярлуу катмарына 15-майга карата берилген жардамдар тууралуу маалымат

15.05.2020, 12:30 Акчабар
Калктын аярлуу катмарына 15-майга карата берилген жардамдар тууралуу маалымат

Калктын аз камсыз болгон аярлуу катмарына 2020-жылдын 15-майына карата берилген жардамдар тууралуу маалымат.

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары ‭‭863,7‬ ‬‬тонна ун, 171,8 ‭тонна макарон, 135318 литр өсүмдүк майы, 196,7 тонна күрүч, 171,9 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 15123,1 кг чай, 105806 кг бурчак (горох), 12186 кг китлап, 448 кг эт, ‭33337 коютулган сүт, 8126 кг картошка, 372 даана бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 1447 кг туз берилди.‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сом түздү. Жалпысынан ‭‭‭‭100 326‬‬‬ үй-бүлөгө жардам берилди.‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 даана аралыкта текшерген термометр, 113027 бет кап, ‭2925‬ респиратор, 1220 бет жапкыч, ‭‭‭40058‬ кол кап, 1270 литр антисептик, ‭1794‬ даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилүүчү), ‭5567‬ даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет).‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬

Ош шаары

Ош шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 364 тонна ун, 80 000 кг макарон, 61 300 л өсүмдүк майы, 68 300 кг күрүч, 67 100 кг кумшекер, 800 кг эт, 45 200 кг картошка берилди. Көрсөтүлгөн жардамдардын саны 59 445 түздү.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 472,2 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 4,9 тонна хлор, 167 700 даана беткап, 2 700 л антисептик, 9 500 даана коргоо костюмдары, 32 500 даана кол каптар берилди.

Ош облусу

Азыркы мезгилде аз камсыздыгы боюнча жөлөк пул алгандардын саны облус боюнча 28 127 үй-бүлө.

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары жеке ишкерлерден 3 049 тонна 590 кг ун, (анын ичинде КРнын мамлекетттик резервдер фондунан 1325,05 тонна ун, Өзбек Республикасынан 380 тонна ун) 74 тонна 492 кг макарон, 145т. 463 л өсүмдүк майы, 72 тонна 537 кг күрүч, 42 тонна 808 кг кумшекер, 8тонна 641 кг эт, 26 тонна 285 кг картошка берилди.

Жалпысынан 102 017 үй-бүлөгө жардам берилди. Анын ичинен жеке тараптардан 51 478 үй-бүлөгө, материалдык резерв фондунан 36727 үй-бүлөгө, жергиликтүү бюджеттен 1947 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна 8 млн. 492 миң сом бөлүнүп, 10 615 үй-бүлөгө, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен Ноокат районуна 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүнүп, 1250 үй-бүлөгө ( ар бири 800 сомдук) азык-түлүк баштыгы жасалып, жалпысы 11 865 үй-бүлөгө таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 тонна 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 литр антисептик, 4586 даана коргоо костюм 380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Чүй облусу

Чүй облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 1190,193 тонна ун, 118971 кг макарон, 112118 литр өсүмдүк майы, 83169 кг күрүч, 319980 кг кумшекер, 4738 кг эт, 30876 кг картошка, пияз, сабиз мындан тышкары, 6935 кг горох, 10105 даана чай таркатылды. Мындан тышкары, финансылык жардамдардын жалпы суммасы 366000,0 (үч жүз алтымыш алты миң) сомду түздү.

Жалпысынан 70785 үй-бүлөгө ар түрдүү жардам көрсөтүлдү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 38275,0 кг хлор, 164030 даана маска жана распираторлор, 4186 даана коргоо костюмдары, 71966 даана кол кап, 1166 даана атайын көз айнек, 8655,5 литр антисептиктер, 105 даана тепловизор/термометр жана 17263 даана башка медициналык каражаттар таратылды.

Жалал-Абад облусу

Облус боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 3159,295 тонна ун, 114988 кг макарон, 147293 литр өсүмдүк майы, 103873 кг күрүч, 43209 кг кумшекер, 4196,8 кг эт, 84533 кг картошка берилди.

Жалпысынан 91450 үй-бүлөгө таркатылды. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 25552977 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 39 тонна 267 кг хлор, 352021 даана беткап, 9612 литр антисептик, 5307 даана коргоо костюмдары, 52927 даана кол каптар, 1030 даана термометр берилди. Мындан сырткары, областын аймагында коронавирус илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 10202 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 11031185 сом акча каражаты сарпталды.

Ошондой эле, Сузак районундагы 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө “Катар” кайрымдуулук фонду тарабынан жалпы 15 тонна ун, 3,6 тонна өсүмдүк майы, 3,0 тонна макарон, 3 тонна 240 кг кум шекер, 1 тонна 80 кг гречка, 4 тонна 320 кг күрүч, 600 кг томат, 540 кг төө бурчак, 1200 даана чай берилген. Ала-Бука районунда Көк-Серек айыл аймагындагы 80 жаштан ашкан улгайган 65 жаранга жеке тараптардан жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, тоо-кен компаниясы тарабынан 147 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ун таркатылып берилди. Ал эми, Таш-Көмүр шаарындагы ишкерлер тарабынан тарабынан 22 тонна ун, Ноокен районунун демөөрчүлөр тарабынан 94 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 114600 сомдук азык-түлүк таратылган.

Баткен облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 1381,5 тонна ун, 44218 кг макарон, 5879 л өсүмдүк майы, 29957 кг күрүч, 22412 кг кумшекер, 1493 кг эт, 5792 кг картошка берилди.

Жалпысынан 30133 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 млн 270 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93577 даана беткап, 1885,5 л антисептик, 1967 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу

Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 694тонна 350 кг ун, 102 тонна 18 кг макарон, 87 миң 535 литр өсүмдүк майы, 33 тонна күрүч, 39т 810 кг кумшекер, 1692,5 кг эт, 14 т 513 кг картошка берилди.

Жалпысынан 34 миң 820 үй-бүлөгө жардам берилди. Чогулган акча каражаттар 956 миң 310 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 13000 кг, хлор 118239 даана беткап, 6989 литр антисептик, 4260 даана коргоо костюмдары, 211293 даана кол каптар берилди.

Нарын облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 839 тонна 200 кг ун, 48 тонна 944 кг макарон, 38 тонна 918 литр өсүмдүк майы, 22 тонна 952 кг күрүч, 33 тонна 580 кг кумшекер, 3 тонна 315 кг эт, 1 277,3 кг чай жана 283 миң 500 сом акчалай берилди.

Жалпысынан 26 984 үй-бүлөгө жардам берилди. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 868,5 кг хлор, 119 647 даана беткап, 3 куб 373,8 литр антисептик, 19 214 даана кол каптар берилди.

Талас облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 618,25 тонна ун, 9849 кг макарон, 10368 л өсүмдүк майы, 9845 кг күрүч, 3224 кг кумшекер, 1335 кг эт, 175 даана чай берилди.

Жалпысынан 11809 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 436 миң 735 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 тонна хлор 84000 даана беткап, 1643 литр антисептик, 865 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди.

Тэги: калктын аярлуу катмары жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу