Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу Өзбекстан менен талкууланды

14.04.2022, 15:15 Акчабар
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу Өзбекстан менен талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, инвестициялык, айыл чарба жана транспорттук логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Ошондой эле, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долборун ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргызстан эки тараптуу мамилени мындан ары өнүктүрүүгө жана ар тараптуу чыңдоого умтулат.

“Эки мамлекеттин башчылары тарабынан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган тапшырмасын аткаруу үчүн биргелешкен ишканаларды, мал чарба кластерлерин, логистикалык борборлорду, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чектеш аймакта эркин экономикалык аймакты (өнөр жай) түзүү аркылуу өз ара соода көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү сунуштайбыз”, - деди ал. 

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков өз кезегинде өзбек тараптын эки өлкө ортосунда мурда жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө ынтызар экендигин белгиледи.

Тэги: камбар ата 1 ГЭС курулуш долборр Өзбекстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу